super.kg logo
  Спорт  

Таланттуу аскер кызматкерлери арасында өткөн “Жоокер ыры” конкурсу аяктады

 
Жеңүүчүлөр атайын грамота жана плазмалык сыналгылар менен сыйланды

10 -ноябрь  күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КРнын күч структураларынын (КРнын Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы жана ички иштер кызматы, Ички иштер министрлиги) таланттуу аскер кызматкерлери арасында өткөн “Жоокер ыры” конкурсу аяктады.  Эске салсак, аталган конкурс жыл сайын өткөрүлөт.

                

Конкурс 3 багыт боюнча өттү. Катышуучулар автордук чыгармаларын, улуттук лирикалык чыгармаларды жана аскердик-патриоттук чыгармаларын калыстардын сынына коюшту. Калыстар тобунун катарында Улукмырза Полотов, Анатай Өмүрканов, Эгемберди Эрматов, Тыныбек Кадыров сыяктуу чыгармачыл инсандар отурушту. “Кыргыз эли таланттарга бай. Аскер формасындагы таланттардын автордук чыгармалары өтө жагымдуу болду. Катышуучулар калыстардын талаптарына жооп бергендиктен алардын талантына баа берүү кыйын болду. Сиздер эс алууга чыкканда биздин консерваториянын эшиги сиздер үчүн ачык”,- деди калыстар тобунун мүчөсү, Улуттук консерваториянын профессору Улукмырза Полотов.  

         

Ыр таймашта баш байгени Улуттук гвардиянын прапорщиги Майрамбек Жумакулов утуп алды. 1-орунду КРнын ИИМинин мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт кызматынын Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн кызматкери, ага старшина  Жумаалы уулу Кайрат, 2-орунду милициянын ага сержанты Туратбек Байтиков ээледи (экөө тең ИИМдин кызматкерлери). 3-орундун ээси Мамлекеттик чек ара кызматынын прапорщиги Бактыбек Сегизбаев болду. Бардык жеңүүчүлөргө плазмалык сыналгылар тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыгын кут болсун Майрамбек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: