Египетте уюлдук телефонду жутуп алган жаранга операция жасалды
Египеттин Асуан шаарында дарыгерлер уюлдук телефонду жутуп алган жаранга операция жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, египеттик жаран Асуан университетинин ооруканасынын дарыгерлерине ич оорусуна даттанып кайрылган. Ар тараптуу текшерүү учурунда ал кишиге рентген жасалып, анын ашказанында уюлдук телефон бар экени аныкталган.
Бейтап дарыгерлерге бул аппаратты жарым жыл мурун жутуп алганын жана жардам сурагандан уялганын моюнуна алган. Бирок бул убакыттын ичинде ал ооруп жүргөн. Ал телефон денеден табигый түрдө чыгат деп үмүттөнгөн, бирок андай болгон эмес.
Египеттик жаранга операция жасалып, телефону алынды. Ал кишинин ден соолугу тууралуу маалымат жок, бирок толук сакайып кетет деп болжолдонууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Asmat84

21.10.2021. 20:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адам бекен уюлдук телефон жутуп алгыдай алкымы аябай чооң бирөө окшойт
Jibani

21.10.2021. 20:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип тамагынан отот?болбогон жомок
Siren90

21.10.2021. 20:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей телефондор бар го, ошондой болсо керек
nazira...

21.10.2021. 20:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90,мурунку кнопычныйбы? А так азыркы телефон оозуңа батпайт да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.