super.kg logo

"Жакында Гиннесске жөнөтүлөт". Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун документтери даяр болду

 

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү үчүн документтери даяр болду. Бул тууралуу Ырыс Окенова SUPER.KG порталына билдирди.

"Буюрса, документтерди жана видеону Гиннесске даярдап бүттүк. Мен материалдарды атайын Гиннесс менен иш алып барган Солтобек Эркин деген жигитке өткөрүп бердим.

Алты күн манас айткан видео толугу менен монтаждалып бүттү. Алты күн бою камера өчкөн эмес. Таймер да иштеп турган. Дөөлөт манас айтып жаткан жерин "актив" деп белгилеп, тынган жерин "пассив" деп белгиледик. Алар канча убакыт манас айтканын, канча саат эс алганын текшерип чыгышат.

Москвада манас айтуу процессине катышкан тиешелүү окумуштуулардын, башка өлкөнүн өкүлдөрүнүн ой-пикирлери камтылган документтер да даяр болду. Окуяны баштан-аяк баяндаган кыскача хронологиялык тасма да даярдалды. Эми документтерди жөнөтүп, жообун күтүү процесси гана калды", - деп билдирди Окенова.

Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү үчүн Москва шаарында 6 күн бою манас айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.10.2021. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Капа болбосун го, бирок С.Каралаев айткандай бир темпте айта алган жок. Ал деле күнү түнү айткан да. Аны уккан сайын уккун келет. Бул чарчап калганда күбүрөнүп не деп аткандарына деле түшүнбөдүм. Буга караганда Рысбай Исаков жакшы айтат эле, ошону айттырышса болмок.
nazira... түзөттү 2021-10-21 20:37:45
23.10.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күтүү эле калса күтөбүз да.Чын эле Рыспай Исаковда жакшы айтат ал да аракеттенсе болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: