super.kg logo
  Саясат  

“Кыргызгазды” Орусиялык “Газпромго” сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште каралат

 

Бүгүн, 11-ноябрда  Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргызгаз”  ААКсындагы Кыргызстандын 100 пайыз үлүшүн  Орусиянын “Газпром”  ААКсына сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул туурасында  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет. 

                  

Энергетика жана  өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, өлкөдөгү газ түтүктөрүнүн 80 пайызы алмаштырууга  муктаж.  Сатып алган тарап ишкананын дебитордук жана насыялык карыздарын да төлөөгө тийиш. Келишим 25 жылга түзүлөт.

                 

Ишкана директору Тургунбек Кулмурзаев: “Кыргызгаз” сатылып алынган соң, анын ордуна ошондой эле   ишкана  түзүлөт. Газдын баасы улуттук мыйзамдардын чегинде, кыргыз тарап менен макулдашуу аркылуу гана чечилет. Эң негизгиси, Кыргызстан газ боюнча  үзгүлтүккө учурабайт”,- деп маалымдады. 

Ал эми аталган комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков кандай болгон күндө да Соцфонддун үлүшү сатылбашы керектигин  баса белгиледи. 

          

Айта кетсек, “Кыргызгаздын”  87,97 пайызы мамлекеттин үлүшү, 4,6 пайызы Соцфонддун үлүшү, калган бөлүгү жеке жактарга тиешелүү. “Кыргызгаз” ААКсы карызынын  көптүгүнөн кыйын абалга  тушуккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: