"4 күн ичинде толук жетет". Эртең Ош шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштайт
Эртең, 22-октябрдан тарта Ош шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынан билдиришти.Маалыматта жазылгандай, тиешелүү чечим 20-октябрда Ош шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабынын жыйынында кабыл алынды.
"Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.
Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшиктерди жабык кармап, үйдүн эшик терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз", - деп билдиришти ишканадан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















