super.kg logo

"Берилген убадалар аткарылсын". Кабулда аялдар нааразычылык акциясына чыгышты

 

Ооганстандын Кабул шаарында ондогон аялдар Тышкы иштер министрлигинин имаратына жакын жерде нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазышты.

Маалыматка караганда, ооганстандык аялдар бул жолу да өз укуктарынын корголушун жана урматталышын талап кылып митинг өткөрүшкөн. Ошондой эле бийликте жана жергиликтүү башкаруу органдарында айымдардын өкүлчүлүгүн түзүү шартын коюшкан. Муну менен бирге талибдерден аялдардын укугун коргоо тууралуу буга чейин берген убадаларын аткарууларын талап кылышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, талибдер митингди чагылдырууга аракет кылган журналисттерди ур-токмокко алып, алардын бардык жабдыктарын тартып алышкан. Ошондой эле нааразычылык акциясына чыккан аялдарды да таркатуу үчүн күч колдонушкан.

"Талибдер күч колдонуу менен митингдин катышуучуларын таркатууга аракет кылышты. Окуяны сүрөткө тартып жаткандарды уруп-согуп, жабдыктарын тартып алышты. Бирок мындай кадам митингди токтотууга жараган жок. Бир көчөдөн башкасына которулууга гана алып келип жатат", - деп билдирген окуянын күбөсү.

Эске салсак, Ооганстанга көзөмөл орноткон "Талибан" кыймылы буга чейин өлкөдөгү аялдардын укугу исламдын чегинде толугу менен корголот деп убада беришкен.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.10.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялдардын эркин укугун сыйлабаган, аялдарды басмырлаган ашынган исламчыл, динчил талибердин айбандан айрымасы жок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: