super.kg logo
  Спорт  

Балбан Роман Сарыбаев ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңди

 

Кыргыз балбаны Роман Сарыбаев Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча 88 килограмм салмакта күч сынашкан ардагер балбаныбыз Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы жүрүшүн өзбекстандык балбан Усмонжан Юсуповго каршы баштап, анда 9:2 эсеби менен жеңишке жетишкен.

Андан соң чейрек финалда казакстандык Абай Смагулов менен беттешип, 7:1 эсеп артыкчылыгында жеңип алган.

Ал эми жарым финалдык баскычта АКШнын спортчусу Жеймс Роберт Медейросту 7:1 менен уткан.

Бүгүн, 21-октябрь күнү финалдык беттешинде орусиялык балбан Булат Дашинимаев менен кез келип, тилекке каршы, 10:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Муну менен балбаныбыз Роман Сарыбаев ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.

Белгилей кетсек, бул кыргыз курамасынын эсебиндеги төртүнчү медаль. Буга чейин ардагер балбандар Чынарбек Изабеков менен Талант Бегалиев алтын медаль утса, Сааданбек Ниязов коло байгеге ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.10.2021. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат агалар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: