Эдил Байсалов: "Жаңы министрлер кабинетинин биринчи чечимдеринин бири тажик студенттери боюнча болду"
Жаңы министрлер кабинетинин биринчи чечимдеринин бири тажик студенттери боюнча болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Жаңы министрлер кабинетинин биринчи чечимдеринин бири биздин университеттерде окуган Тажикстандан келген студенттер үчүн чек аранын ачылышы болду", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-2

