super.kg logo

Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалды

 

Бишкектин Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Ленин РИИБинин башчысынын орун басары жана Октябрь РИИБинин тергөөчүсү аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Алар учурда "опузалап пара алуу, кыйноо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысына шектелүүдө.

Басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берилерин айтты.

1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул иште Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: