super.kg logo
  Саясат  

2010-жылы 7-апрелдеги окуялар боюнча соттук иш техникалык себептерден улам жылдырылды

 
Бүгүн, 11-ноябрда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттук иште кылмыш ишине тиркелген видео материалдар каралып жаткан. Ак үйдүн чатырынан тартылган биринчи видеону көргөндөн кийин диск көрсөтпөй калган. Натыйжада  жетекчилик кылган сот Дамир Оңолбеков видеону иликтеп көрүүнү 12-ноябрга жылдырды. Эске салсак, 20-мартта Ак үйдүн чатырында 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттун көчмө жыйыны өткөн. Ага Мамлекеттик соттук экспертизанын эксперти Павел Берхольц катышкан. Ал 29-октябрда экспертизанын жыйынтыктарын айтып, атылган октор чатырдан болушу мүмкүн эмес деп белгилеген. Аталган иш боюнча 21 айыпталуучу өтүп жатат. Алардын ичинен 6 адам Кыргызстандын чет жактарында издөөдө болгондуктан сырттан соттолушууда. Жабыр тарткандардын саны 300дөн ашуун. Соттук процесс камалгандарды күзөтүү жана соттук процесске жеткирүү департаментинин залында өтүп жатат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: