super.kg logo
  Саясат  

“Кыргызгазды” Орусияга сатуу маселеси парламенттин кароосуна чыгарылат

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, калктын газга болгон суроо-талабы жыл сайын өсүп жатат. Ушу тапта 300 миңден ашуун газ кардары бар жана өлкөдөгү газ түтүктөрүнүн 80 пайызы алмаштырууга муктаж. Макулдашуу 25 жылга түзүлүп жатат.

 

“Кыргызгаз” сатылып алынган соң, анын ордуна ошондой эле “Кыргызгаз” ишканасы түзүлөт. Орусиялык компания 5 жыл ичинде газ өткөргүчтөрдү жаңыртуу үчүн 20 миллиард рубль же 660-670  миллион доллар көлөмүндө, газ корун чалгындоо иштерине 100 миллион доллар инвестиция салууга тийиш”,- дейт мекеменин директору Тургунбек Кулмурзаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: