Гонконгдо уктагысы келген адамдар үчүн 5 сааттык автобус каттамы ишке киргизилди

Маалыматка ылайык, Гонконгдо жумуштан чарчап, коомдук транспортто уктап калган жүргүнчүлөр үчүн узундугу 76 чакырымды түзгөн эки кабаттуу автобус каттамы ачылды.
Билеттин баасы 13 доллардан 51 долларга чейин, ал орундукка жараша болот. Уктоо үчүн атайын кулакчындар жана көздү караңгылоочу калың маска берилет. Бирок көпчүлүгү өздөрүнө жууркан, тапичка жана жаздыкчаларды ала келишкен.
"Гонконгдун жарандары уктаганга жетишпейт. Ошондуктан көпчүлүк адамдар коомдук транспортто укташат жана убакыттын өтүшү эс алуу менен байланыштуу боло баштайт. Көбүнчө адамдар үйдө керебетке жатып эс алганга караганда автобуста уктап калышат", - деп билдирет аталган турду уюштуруучулардын бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Taalaibek.

22.10.2021. 19:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул автобус биздин уялчак депутатыбызга керек экен. Уялбай уктай берет эле.
Asmat84

23.10.2021. 20:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карагылачы Кытай ушундай иштешет даже уктаганга убакыт табышпайт. Ошондуктан алардын экономикасы дүркүрөп өнүгүп өсүп атышат. А биз бекерчиликтен ар ким менен ушакташып ар кимди сөз кылып жүрөбүз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.