Талибдер тарабынан ооган волейболчусунун башы алынды
Кабулда талибдер тарабынан ооганстандык волейбол боюнча жаштар командасынын мүчөсү Махжабин Хакиминин башы алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Хакиминин машыктыруучуларынын бири спортчу октябрь айынын башында өлтүрүлгөнүн, бирок бул тууралуу эч кандай маалымат таркалбаганын билдирген. Ошондой эле Хакиминин үй-бүлөсү коркутууларга кабылып жана муну жашырууга мажбур болушканын маалымдаган.
"Волейбол командасынын бардык оюнчулары жана башка спортчулардын абалы начар, үмүтсүздүктө жана коркууда", - дейт машыктыруучу.
Талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстандын волейбол боюнча аялдар командасынан эки спортчусу гана өлкөдөн чыгып кете алышкан.
Эскерте кетсек, 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагында көзөмөл орнотконун жарыялаган. Мындан тышкары ооган аялдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салгандыгы кабарланган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.



h
Ашкере дин фанаты болбогула!