super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Мен бирөөнү каматканга эмес, ажатканага барганга убакытым жок" (хронология)

 

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйын берет. Иш-чара саат 11:00дө резиденцияда башталат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2021-10-23 14:47

Маалымат жыйын жыйынтыкталды.

2021-10-23 14:19

"Атамбаев менин убагымда камалган жок. Саясаттын курмандыгы деп айта албайм. Мен саясий курмандык болгом. Менин бир тууганымды, баламды кармашкан. Бул саясий куугунтук болгонун баары билишет", - дейт ал.

2021-10-23 14:07

"Мен бирөөнү кама деп буйрук бергенге эмес, ажатканага барганга убакытым жок. Мен баламды тебелеп кеткен адамды кечирип койгом. Анан чүкөдөй кызга эрегишмек белем. Мен Орозайым Нарматованын кармалганын кеч уккам. ИИМден суранып чыгаргам", - дейт ал. 

2021-10-23 14:05

"Сындап турган жакшы. Мен министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө дагы айтам, журналисттер менен соттошпогула деп. Эл өзү тараза", - деди Садыр Жапаров.

2021-10-23 13:43

Президентке министрлер кабинетинин курамында бир эле айым бар экени айтылды. Садыр Жапаров башка агенттик, кызматтарда айымдар бар экенин билдирди.

2021-10-23 13:10

"Фейсбуктагы баракчамды өзүм колдоном. Бирок паролдорду жардамчыларым билишет", - дейт ал.

2021-10-23 13:06

"Парламент жакшыбы жаманбы иш алып барды. Мыйзамдарды кабыл алып берди. Акыркы бир жылда жакшы иштеди", - дейт Садыр Жапаров.

2021-10-23 13:02

Садыр Жапаров Аскар Акаев "Кумтөр" боюнча күбө катары келип кеткенин белгиледи. "Ал бирөөлөр аркылуу мага чыгыптыр. Акаев мурда күнөөм жок деп айтчу. Фактыларды көргөндөн кийин күнөөсү бар экенин сезди. Башка президенттер менен сүйлөшүү болгон жок", - дейт.

2021-10-23 13:00

Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун үчүн резиденцияга жашатып жаткандарын айтты. "Мамлекеттик резиденцияда ким жашай турганын президенттик администрациянын иш башкармалыгы жана мен чечем", - деди ал.

2021-10-23 13:00

"Фейсбук дайыма өзүм карап отурбайм. Коомчулукта бир маселе жаралса билдирүү жасайм. Жардамчыларым кээде жазып коёт экен", - дейт президент.

2021-10-23 12:58

Президент: "Орхан Инанды 4 жылдан бери аны уурдап кетүү аракет болгон экен. Ага эскертип, күзөтчүлөрдүн санын көбөйтүү сунуш берген", - деди.

2021-10-23 12:52

Садыр Жапаров: "10 жыл мурун жакшы кадрларыбызды жоготуп алыптырбыз. Алар чет мамлекетке кетип калышкан. Биздин 15 миң сомдук айлыктарга келбейт экен", - деди.

2021-10-23 12:47

Садыр Жапаров "Алтын балалык" фондуна Айгүл Жапарова 500 миң сом бергени боюнча суроого жооп берди. "Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы билбейм. Бул Жапаровдордун үй-бүлөсүнөн берилген каражат. Саламаттыкты сактоо министри дагы бул боюнча айтып койсо болмок", - дейт

2021-10-23 12:45

Садыр Жапаров бир дагы журналисттерди куугунтуктабай турганын айтты. "Араңарда куугунтук көргөндөр барбы? Бир дагы журналисттер куугунтуктабайт. Калп маалыматтарды тараткандарды Кудайга койдум", - дейт.

2021-10-23 12:40

Президент SUPER.KG порталынын "2017-жылы сиз абакта шок абалында мойнуңуз менен колуңузду кескениңизди билдиргенсиз. Бирок буга сиздин тарапташтарыңыз ишенбейт. Бүгүн ушул жагдайды ачыктап кетпейсизби. Кандай болду эле?" деген суроо берилди. Ал бул саясий окуя экенин айтты. "Атамбаев учурда камакта, ал камактан чыккандан кийин бул боюнча пикирибизди билдиребиз", - деди.

2021-10-23 12:38

Президент: "Октябрь окуясында Ташиев менен Жапаров тиешеси бар деп жатышат. Биз бир мекени басып алдыкпы? Мыйзам чегинде гана иш жүргүздүк", - дейт.

 

2021-10-23 12:37

Президент Садыр Жапаров SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди. Президентке редакция тарабынан: "Жаңы түзүлгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "президенттин саясатын колдогон гана депутаттар менен иштешебиз, калгандарыңар жер тепкилесеңер дагы кылыбыз кыйшайбайт" деп айтты. Бул президенттик администрация, министрлер кабинети алдын ала сүйлөшкөн бирдиктүү пикирби? Президент катары кандай түшүндүрмө берет элеңиз буга?" деген суроо узатылды. "Мен анын сүйлөгөн сөзүн көрдүм, бир аз эмоцияга алдырып койду. Бирок анын ою туура болчу, туура эмес жеткирип алды. Буга чейинки системада дайыма парламент өктөмдүк кылып, аткаруу бийлиги аларга кызмат кылып келген болчу. Эми биз силерге эмес, элге кызмат кылабыз деген эле ойду айтайын деген болчу Байсалов. Ал эми биз 40-50 депутат менен иштешебиз дегени туура эмес, 1000 добуш менен келген депутат болсо да ал элдин өкүлү, биз баары менен иштешүүгө даярбыз. Биз оппозиция менен да, башкалар менен да иштешип жатабыз. Болот экен да иштешсе", - деди Жапаров.

2021-10-23 12:33

Садыр Жапаров: "Бир аким бир талапкерге иштеп жатыптыр кызматтан алынат", - дейт

2021-10-23 11:11

Президент коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш алып барып жаткандарын айтты.

2021-10-23 11:10

Садыр Жапаров: "Инвестиция өнүктүрүү фонддору түзүлдү. 350 чакан ишканалары ишке кирди" - дейт.

2021-10-23 11:02

Садыр Жапаров: "Жогорку Кеңешке калк арасынан суурулуп чыккан өкүлдөрүнүн келишине жол ачып жатабыз", - дейт ал.

2021-10-23 10:04

Журналисттер маалымат жыйын өтө турган жерге келишти. Азыркы учурда маалымат жыйынга карата даярдыктар көрүлүүдө.

2021-10-23 09:00

Журналисттер үчүн кофе-брейк уюштурулду.

2021-10-23 08:30

Учурда Кыргыз драма театрында журналисттер чогулууда. Иш-чарага катышуу үчүн 160 журналист аккредитациядан өткөн.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
23.10.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевти неге кайра койо берди? Андан башкасы бүт камалып ататко. Негизи жыландын башы ошолда!
23.10.2021. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
BISHKEK-312,Акаевди камаш учун чакырган жок, кумтор боюнча коргозмо беруу учун кызматташуу негизинде чакырды
23.10.2021. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы журналисттер бүт фальшифкалар, эки сөздүн башын бириктирип туура жазыша албайтта, анан президентке кыйратып койгонсуп суроо беришет.
23.10.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сабатсыз журналистер жазгандары ката мектепти деле мугалимге поларка берип бүткөн
23.10.2021. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журналисттер өтө ушакчы болуп бүтүптүр.Бир,эки гана журналист өлкөдөгү көйгөй тууралуу суроо берди.Көпчүлүгү ушундай ушак туурабы же калппы деген гана суроолорду берди.Ушуларга коротулган бекер убакыт.
24.10.2021. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентке ылайык кыйраткан суроо берилген жок, журналисттер начар
24.10.2021. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаев келип куноосун сезди дейт. Президент имиш. Акаев куноосун сезуусу учун гана чакырдынарбы? Туура, Кумтор боюнча корсотмо бергени келди, берди. А жыйынтыгы кана? Ким куноолуу болуп чыкты? Акаев Акылбек Жапаровду куноолоду эле, аны Окмот башчы кылып койдунар. А.Жапаров куноологон Акаевди болсо кое бердинер. Кана ошондо экоо тен куноосуз бекен? Кумтор аферасы боюнча бул экоо тен камалышы керек эле, бири да камалган жок! Кана адилеттуулук? Президент имиш дагы...
24.10.2021. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртен бир акимди кызматтан аласын. Бутту. Камалбайт бирок. Кылмыш ишин ачкан кундо да, шайлоо отуп эл тынчыгыча уй камагында болот да, акталып кетет. Куноосуз болуп. Жарым жылдан кийин бир жылуу жумшак креслодо отурган болот. Коруп эле жатпайбызбы, бийликте эмне болуп жатканын. Мисалы былтыркы ыплас шайлоого тиешеси бар Аида Касымалиева элчи болду, Кыргызстандын БУУдагы элчиси. Мекеним Кыргызстанды баштаган Бакиров мамлекеттик мулкту башкарып отурат. Уурулар бийликте!
24.10.2021. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров: "Жогорку Кеңешке калк арасынан суурулуп чыккан өкүлдөрүнүн келишине жол ачып жатабыз", - дейт.

Калк арасынан кайсы карапайым бири суурулуп жатыптыр? Копчулугу акчалуу, капчыктуу байлар, олигархтар. Акчасыз байкуштарга шанс жок. 100 мин мамлекетке тогуш керек экен дагы. 100 мин акчасы жок бири талапкер да боло албайт экен, дагы каяктагыларды айтат.

Карапайым бири ЖКке депутат болуп келуучу учун кандай шарт тузулду, ошондон суйлосунчу...
24.10.2021. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖК акыркы жылда жакшы иштеди дейби? Бул 120 чимкирик жакшы иштеп эмнени кыйратты? Адатынча эле 120нын ордуна 30-40кы кнопка басып журушту, кааласа Окмоттун эсебинен Россияны кыдырып, как будто мигранттарга куйгон адам болуп корунуп...

Жапаровдун айткан мыйзамдарын кабыл алып бергенден башка ЖК акыркы жылда эмнени кыйратты, жакшы иштеди деп айткыдай? Кана, силер айкыла болбосо...
24.10.2021. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журналисттер камалбады дейби, журналисттерди камап эле жатат го, бийликти сындап койгону учун. Кайра кайра УКМКга чакырылышып, сотко барып, аран дегенде соттон кутулуп чыгып жаиышат, бийликти бираз катуурак сындаган журналисттер...

Бул Жапаровунар абактан аферисттик кесипти оздоштуруп чыгыптыр, кыпкызыл лапшагон болуп....
24.10.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal3,бардык пикириңизге кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: