Орусияда 43 жаштагы актриса маалымат катчы Ирина Волкту туураганы үчүн 3 айга эркинен ажыратылды
Орусиянын Уссурийск райондук соту 43 жаштагы актриса Лариса Кривоносованы сатиралык сериалда аталган аймактын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волкту туурап роль ойногондугу үчүн эркинен ажыратты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лариса административдик чектөөлөрдү сактабагандыгы жана жергиликтүү бийликти мыскылдагандыгы үчүн эркинен ажыратылган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. Тагыраагы, 2017-жылы денеге оор залал келтиргендиги үчүн, 2020-жылы коомдук тартипти бузгандыгы үчүн камакка алынып, жазасын өтөп чыккан.
Ал эми сентябрь айында полиция кызматкеринин формасын мыйзамсыз кийгендиги үчүн 10 күнгө камакка алынып, айып пул төлөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
BISHKEK-312

23.10.2021. 11:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы диктатура.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.