super.kg logo
  Саясат  

"Эмне үчүн ушуга чейин чек ара маселесин чечпей отурасыз?". Президенттен жооп

 

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Баткен облусундагы жергиликтүү маалымат каражатынын өкүлү: "Баткен дегенде дагы деле көпчүлүктүн жүрөгү ооруп турат. Өткөн жылы 36 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы канча адам каза болушу керек, эмнеге ушундан кийин дагы чек ара маселесин чечпей жатасыз? Кийинки жылы мындай окуя кайталанбайт деп кепилдик бере аласызбы?" , - деген суроону узатты.

Президент жакшы суроо болду деп белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду.

"Мага койсо мен азыр дагы чек ара маселесин чечип салгым келет. Ал жерде бир катар көп тараптуу маселелер бар экен, 30 жылдан бери чечилбей жаткан маселе экен.

Ал жерде 3 талаш-тартыш маселеси бар экен:

1. Төрт көчө, Жака-Өрүк менен Көк-Таш, ушул жерде 275 метр,

2. Ворухка кеткен жол,

3. Баткен району менен Лейлектеги талаш жерлер. Ал жерде юридика боюнча биздики туура.

2009-жылы Адахан Мадумаров кол коюп берген протокол бар экен, алар бул жер биздики деп жатат. 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм, бирок 49 жылга арендага берип тургула деген протокол экен. Мен айтып жатам, Мадумаровдун кол коюуга акысы болгон эмес, бул документ юридикалык жактан жарабайт деп жатам. Ушунун баарын юридикалык жактан оңдоо керек, бул бүгүн чечиле турган маселе болсо мен чечет элем", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: