Садыр Жапаров: "Ташиевди коопсуздугу үчүн мамлекеттик резиденцияга жашатып жатабыз"

Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу үчүн аны резиденцияга жашатып жаткандарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
"Мамлекеттик резиденцияда ким жашай турганын президенттик администрациянын иш башкармалыгы жана мен чечем. Мамлекет үчүн иштеп жаткандардын коопсуздугун карашыбыз керек. Ташиевдин коопсуздугу үчүн аны резиденцияда жашатып жатабыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

