super.kg logo

"Окуу жайдан чыгарабыз деп жатышат". Түркмөнстанда президент жазган китептерди жанында алып жүрбөгөн студенттер коркутууларга кабылууда

 

Түркмөнстандагы университеттердин биринде бардык студенттерден президент Гурбангулы Бердимухамедов жазган китептердин жок дегенде бирөөсүн жанында алып жүрүү талап кылынууда. Талапты аткарбаган студенттер окуу жайдан чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя өлкөдөгү Архитектура жана курулуш институтунда орун алган. Анда бардык студенттер өлкө башчысынын калемине таандык китептердин бирин өзү менен чогуу алып жүрүүгө милдеттендирилген.

"Деканат бардык студенттерге ушундай талап коюуда. Бизге студенттер күнүгө текшерилерин, эгерде кимдин жанында аталган китеп жок болуп калса окуу жайдан чыгарыларын эскертишти", - деп билдирген окуу жайдын атын атагысы келбеген студенти.

Муну менен катар университеттин айрым керектөөлөрүнө студенттерден акча чогултуп жатышканын, бир күн мурда эле сынып калган терезе мажбурлоо аркылуу студенттердин эсебинен оңдолгонун кабарлаган.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов көп жылдан бери ар кандай темадагы китептерди жазып келет. Бүгүнкү күнгө чейин анын жалпы 60тан ашык китеби жарык көргөн. Акыркы жолу өлкө башчысынын "Менин апакай шаарым - Ашхабад" жана "Эгемендик биздин бактыбыз" аталышындагы 2 китеби сатыкка чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
23.10.2021. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кудайдан коркпойт бекен, аа?! Оздоруну фараон сезип албаса экен эми.
Ушундай башкаруучудан сактасын!
23.10.2021. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айланайын кудааай, шүгүр кылалы кыргыз элим. Бу эмне деген шумдук. Президентин психиатрга бир текшертип коюшсун эч кимге билдирбей туруп, бүт жер шаарына уят болот болбосо. Тооба кылалы, шүгүр кылалы биз.
23.10.2021. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Далбаёп
23.10.2021. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Северный Кореядан отуп кетти го..
23.10.2021. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Энең дурайын Апенди
24.10.2021. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акаев келечекте кыргыз эли демократиялык жол менен кетсин деп корогочтук кылган окшойт. Ким кепил боло алат бизде да ушундай президент болбойт деп. Илгери байлардын айткан айткан, дегени деген болгон да. Тушунгон окшойт да демократиялык коом жакшы болоорун. Акакев жакшы дегим келбейт, бирок ушул жагы жакшы эле болгон окшойт гоо...
24.10.2021. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
suban78, кеп демократия, тоталитардык режимде эмес. Кыргыз элинин канында бар бунт. Ошол Туркменистандын апендиси Кыргызстанды башкарып калганда эбак куулуп качып кетмек. Кыргыздар кордукка коп чыдабайт. Сабыр кылат, кутот, сабыры тугоно баштаганда бир толкуйт, ошону менен бийлик алмашып кеткен болот...

Жапаровдор да сыйы менен кетпей куулат бул кетиште, маскара болуп... Эртеби кечпи.....
24.10.2021. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул студентердин президентке болгон жаман коруусу кучойт. Окуу учун китебин которот, а журогу учун президентти жек корот.
24.10.2021. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун кудай сезет келесоо,элди кыйнап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: