Жети-Өгүз районунун акими: “Сарууда кечээ, 11-ноябрь түнү тополоң болду деген сөз жалган”
Бүгүн, 12-ноябрда эртең менен SUPER.KG порталына “Сарууда түнкүсүн дагы тополоң болду” деген кабар түшкөн эле. Биз дароо Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоровго байланышып, уккан маалыматыбыз боюнча комментарий берүүнү өтүндүк.
Аким Дамир Моңолдоров: “Кечээ түнү эч кандай тополоң болгон жок. Мындай сөз жалган. Митингди уюштуруучулар өткөн аптада, 8-ноябрда эле тиккен боз үйлөрүн чечип кетишкен. Азыр абал тынч жана көзөмөлдө. Учурда митинг боюнча кармалып, убактылуу кармалуучу жайда кармалып жаткан жарандардын саны 9. Алардын ата-энелери жана саруулуктар “балдарды үй камагына чыгарып бергиле” деген талаптарын дале коюшууда. Иш мыйзам чегинде чечилиши керек”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

