Каталондук “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси жаракатынан улам быйыл 8 оюнга чыкпайт

Каталондук “Барселонанын” жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси 2013-жылдын аягына чейин майданга чыкпайт. Мындай маалымат кечээ, 11-ноябрда белгилүү болду. Эске салсак, футболчу 10-ноябрда футбол боюнча Испаниянын биринчилигинде “Бетиске” каршы оюндун18-мүнөтүндө жаракат алып, майдандан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ал оюн 4:1 эсебинде “Барселонанын” жеңиши менен аяктаган.
Жоон санынан жаракат алган футболчу ноябрь айында Аргентина курама командасынын Эквадор жана Босния-Герцеговина мамлекеттерине каршы жолдоштук оюндарда майданга чыкпайт. Андан тышкары “Барселонанын” УЕФАнын Чемпиондор Лигасындагы 2 беттеши (“Аякс” менен “Селтик”) жана Испаниянын чемпиондугундагы 4 оюну Мессисиз өтөт.
Эске салсак, футболчу
быйылкы сезондо каталондук “Барселонанын” курамында 15 оюнга чыгып, 14 ирет өз
эсебине гол жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.