Интернетте той учурунда асманга ок аткан жигиттин видеосу тарады
Интернетте үйлөнүү той учурунда бир жаш жигиттин аң уулоодо колдонулган мылтыктан асманга 2 ирет ок чыгарган видеосу тарады. Кыска тасманы Мурсалов Ислам аттуу Инстаграм колдонуучусу бөлүшкөн.
Анда тойдо адамдар бийлеп жатканда чатырда турган үч жигиттин бири ок атуучу куралдан асманга ок чыгарганын көрүүгө болот. Видео тасмадан окуя болуп жаткан аймак Чүй облусу экендиги байкалат. Бирок көп өтпөй ал видео тасманы бөлүшкөн колдонуучу жеке баракчасынан өчүрүп салган.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына ылайык адамдар көп топтолгон жерде мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү жана андан ок чыгарууга тыюу салынат.
Интернетте той учурунда асманга ок аикан жигиттин видеосу тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
-1

Кыргыздын улуттук идеологиясы жок. Ошол себептен биримдик жок. Саясий партиялар да бөлүп жарып жатат.