Коронавирустун дельта штаммынын сүрөтү жарыяланды



Орусиядагы "Вектор" вирусология жана биотехнологиялык илимий борбору коронавирустун дельта штаммынын сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, бул сүрөттөр электрондук микроскоптун жардамы менен жасалган. Ошондой эле вирус африкалык жашыл маймылдын бөйрөгүнүн клеткаларында жасалма жол менен өстүрүлгөн.
Дельта штамм - COVID-19ду козгоочулардын бири. Алгач Индияда табылган. Башкалардан айырмасы инкубациялык мөөнөтү кыска, адамдын организмин тез эле алсыратып коёт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун бул түрүн абдан кооптуу штаммдын катарына киргизген. Оору тамактан кармап ошол жерде өрчүгөндүктөн, аны илештирип алгандар өздөрү билбей башкаларга тездик менен жуктурушу мүмкүн экени айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-3

Комментарийлер(1)
Belek1710

25.10.2021. 17:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрү суук го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.