super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин жеңиши менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди калаады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан белгилешкендей, Садыр Жапаров өзбек элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: