super.kg logo

Актёр Алек Болдуиндин кокусунан аткан огунан жаракат алган режиссёр окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Америкалык актёр Алек Болдуиндин тасма тартуу учурунда кокусунан атып алган огунан улам жаракат алган кинорежиссёр Жоэл Соуз окуянын чоо-жайын айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кино тартуучу топ даярданып жатканда Болдуин тапанчаны кармап машыгып жаткан. Мен оператор Галина Хатчинстин артында тургам. Бир убакта күтүлбөгөн жерден тапанчанын үнү угулду. Андан соң Галина ичин кармап чалынып жыгылды. Ал эми менин ийинимен кан ага баштады", - деп айткан ал.

Буга улай эле башкы оператор Рид Рассел Болдуин куралды ар дайым кылдаттык менен колдонгонун белгилеген.

Эске салсак, буга чейин актёр Алек Болдуиндин кино тартуу учурунда кокусунан режиссёр менен операторду тапанча менен атып алганы боюнча маалыматтар жарыяланган. Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы оператор Галина Хатчинс санитардык авиация менен ооруканага жөнөтүлгөн, бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Ал эми актёр бул окуядан соң нес абалында экендигин айткан. Ошондой эле ал оператор кыздын жолдошуна жана үй-бүлөсүнө колдон келген жардамын бере турганын да кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: