super.kg logo
  Спорт  

ФИФА жылдын мыкты 10 голунун тизмесин жарыялады

 

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) расмий сайтында Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн “Жылдын кооз голу” наамына талапкер 10 голдун авторлорунун тизмесин жарыялады.

Тизмеге кирген 10 голдун 8и клубдар аралык мелдештерде киргизилген. Калган  2 гол курама командалардын беттешинде катталып, алардын ээлери бразилиялык Неймар (Конфедерациялар Кубогунда Япониянын дарбазасына киргизген) менен швециялык Златан Ибрагимович (жолдоштук беттеште Англиянын дарбазасына киргизген) болду.

Клубдар аралык мелдештерде киргизилген голдордун ичинен кооз гол сыйлыгына Петер Анкерсен (клубу “Эсберг”, Дания), Лайз де Ванн (“Скай Блю”, Жаңы Зеландия), Антонио ди Натале (“Удинезе”, Италия), Панайотис Коне (“Болонья”, Италия), Даниэль Лудуэнья (“Пачуки, Мексика), Неманья Матич (“Бенфика”, Португалия), Луиза Несиб (“Лион”, Франция), Хуан Мануэл Оливер (“Наутико”, Бразилия) сыяктуу футболчулардын голдору көрсөтүлүүдө.  

9-декабрга чейинки добуш берүүнүн жыйынтыгында 10 голдун ичинен эң мыкты 3 гол тандалат жана 2014-жылы, 13-январда сыйлык ээси аныкталат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: