super.kg logo

Египетте 2017-жылы киргизилген өзгөчө абал режими алып салынды

 

Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси өлкөдө 2017-жылдан бери күчүндө болгон өзгөчө абал режимин алып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз ар дайым күрөш жана талыкпаган эмгек менен умтулуп келген учурду чогуу бөлүшүп жатканыбызга кубанычтамын. Египет өзүнүн улуу элинин аркасында аймактагы коопсуздуктун жана туруктуулуктун оазисине айланды.

Ошондуктан акыркы жылдары биринчи жолу өзгөчө абалдын узартылышын жокко чыгарууну чечтим", - деген президент.

Анын айтымында, Египет эли бир нече жылдан бери бул чечимди көздөй бара жаткан.

Египетте өзгөчө чаралар 2017-жылдын апрель айында Танта жана Александрия шаарларындагы чиркөөлөргө кол салуулардан кийин киргизилген, ал жерде экстремисттер майрам учурунда жардыргыч заттарды жардырышкан. Андан 45 адам каза болуп, 120дан ашууну жарадар болгон. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алган.

Андан кийин президент элге кайрылуусунда террордукка каршы чаралардын бири катары үч айга өзгөчө абал режимин узартуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү жарыялаган. Баш мыйзамдын талабына ылайык, кийинки эки күндүн ичинде өзгөчө кырдаал мыйзамы өкмөт менен парламент тарабынан жактырылып, ошондон бери өзгөчө абал чаралары ар бир үч ай сайын 18 жолу узартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: