super.kg logo

Япониянын ханбийкеси карапайым жигитке турмушка чыкты

 

Япониянын мураскер ханзаадасы Акисинонун кызы, ханбийке Мако карапайым жигитке турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ханбийке Мако Токиодогу эл аралык христиан университетинде чогуу окуган тайпалашы Кэй Комурого турмушка чыкты.

30 жаштагы ханбийке Мако буга чейин резиденцияда ата-энеси жана сиңдиси менен жашап келген. Эми ал "ханбийке" макамынан ажыратылды жана императордук үй-бүлөнү таштап кетти. Мындан ары Мако Комуро атын алып жүрөт.

Ханбийкенин карапайым адамга турмушка чыкканы коомчулукта терс реакция жаратканы айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Мако менен Кэй Комуро 2012-жылдан бери тааныш. Буга чейин эле баш кошууну каалашкан. Бирок ханбийкенин карапайым адамга турмушка чыгуусуна каршылыктар болуп келген.

Түгөйлөр кийинчерээк АКШга көчүп кетишерин айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
26.10.2021. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына сага чыныгы сүйүү деп ушуну айтса болот
26.10.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,Чыныгы сүйүү...Бирок мага тан калыштуусу өнүккөн демократиялуу Японияда ханзаада же ханбийке тектүү жерден гана кыз алып,турмушка чыгуу керек деген салт дагы деле бар экен да.Жөнөкөй жаранга чыкса,ханбийке даражасынан ажырайт экен.Эгер бизде ушундай салт болсо,батышчылдар эски салт колдонду,азыр жаңы заман деп асылмак.
Mister-XXX түзөттү 2021-10-26 17:43:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: