Бишкектин Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди



Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 11:00 чамасында болгон.
Анда №220 маршруттук унаасы менен Мерседес-Бенц унаасы сүзүшкөн. Кырсыктан улам жеңил унаадан 3 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.