super.kg logo

Түркиянын президенти он элчини өлкөдөн чыгаруу чечимин өзгөрттү

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Тышкы иштер министрлигине бир нече жылдан бери абакта жаткан түрк ишкери Осман Каваланы колдогон АКШ, Норвегия, Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Нидерланды, Жаңы Зеландия жана Швециянын элчилерин "персона нон грата" деп жарыялоону тапшырган.

Чет элдик басылмаларда жазылгандай, Эрдоган "элчилер Түркияны түшүнүшү керек же өлкөдөн чыгып кетиши керек" деп айткан.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары түрк бийлигинен камактагы бизнесмен Осман Кавалыны саясий себептерден улам камакта деп эсептеп, бошотууну талап кылышкан. Бул дипломатиялык жаңжалды жаратты.

Ал эми бүгүн Түркиядагы он өлкөнүн элчилери жаңы билдирүү жасап, Вена конвенциясынын мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөгө милдеттендирген беренесин карманарын жарыялашты.

Андан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дипломаттар ушинтип "артка кадам ташташты" деп эсептеп, мындан ары да өз билдирүүлөрүнө кылдаттык менен мамиле кыла беришерин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
26.10.2021. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек
26.10.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чынында кучтуу лидер....
26.10.2021. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журогу тоодой экенда онуна тен катуу айтып,кээ бироолор бирооно да айталбайт.
26.10.2021. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulina00, Биздин Жапаров Оруссияны карап каяша айта албайт, башынан ылдый чаптырса да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: