Ысык-Көлдө 12-13-ноябрда балдарды зомбулуктан жана катаал мамиледен коргоо боюнча форум өтөт
Ысык-Көл облусунда 12-13-ноябрда “Балдарды зомбулуктан жана катаал мамиледен коргоодогу жаңы механизмдер” аттуу темада форум өтөт. Бул тууралуу “Балдардын укуктарын коргоо лигасынын” өкүлдөрү билдиришти.
Форумга аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү, ички иштер бөлүмдөрү, социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле Каракол шаарында жана Түп айылындагы “Зомбулуксуз мектеп” программасы менен иш алып барган мектептер катышат. Форумда Балдарга жардам берүүчү борбор аркылуу зомбулукка туш болгон балдарга кам көрүү маселеси талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

