Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Индиядагы Эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты
Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Индияда “Futures” сериясы боюнча өтүп жаткан теннис боюнча Эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Данияр Дулдаев казакстандык Тимур Хабибулин менен жуптукта индиялык жуп Кунал Ананд менен Жатин Дахияны 2 сетте катары менен утуп алышты (6:4, 6:3).
Казак-кыргыз жуптугу мелдештин жарым финалына чыгуу үчүн Жуй-Чен Хунг (Тайбэй)- Варит Сорнбутнарк (Таиланд) жуптугу менен беттеш өткөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.