Рэпер Моргенштерндин Жеңиш күнү тууралуу билдирүүсүнө Дмитрий Песков жооп кайтарды
Орусия президентинин маалымат катчысы белгилүү рэпер Алишер Моргенштерндин Жеңиш күнүн майрамдоонун кажети жок деген пикири боюнча үн катты. Ал рэперге согуш ардагерлери менен сүйлөшүүгө кеңеш берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Билесизби, мындай жаштарга адам катары эмне сунушташ керек экендигин? Балким алардын чоң ата, чоң энеси бардыр. Алар менен баарлашыңыз. Согуш ардагерлерине барып, Жеңиш күнүн майрамдоонун кандай зарылчылыгы бар экенин, эмне үчүн бул майрам биздин өлкө үчүн маанилүү экендигин сураңыз. Атактуу жаштар Жеңиш күнү сыяктуу негизги түшүнүктөрдү билүүсү керек", - деген маалымат катчы.
Ошондой эле Песков мындай билдирүүнү рэпер кара ниеттиктен эмес, билимдин жетишсиздигинен улам айтканына ишенерин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Алишер Моргенштерн Жеңиш күнү эмнеге ушул убакка чейин майрамдалып келерин түшүнбөй тургандыгын айтып, талкууга жем таштаган.


Дуйнону Германия багынтып алса бизге, кыргыздарга жакшы болмок деген кеп утопия. Кыргыздар азат эл болсун, эч кимге баш ийбеген. Эн туурасы да ошол...
Азыр эмне болуп жатабыз? Азыр деле байлыктарыбыздын 90% чет өлкөгө ташылып жататко!
Жаманбы жакшыбы орустар менен жакшы болбосок кытайча суйлоп калабыз.
Туура, Уркундо кыргыздын жарымы кфрылып кетти. Бул учун Россия империясы куноолуу. Бирок Ррссиялык империянын баскынчы, бай-кулак орустары менен Союз учурунда оз Мекенин коргоп согушкан эмгекчил орустарды айырмалай билуубуз керек...