super.kg logo

Алек Болдуин роль жараткан тасманын тартуу иштери тергөө аяктаган соң улантылмай болду

 

Америкалык актёр Алек Болдуин "Rust" тасмасын тартуу учурунда кокустан режиссёр менен операторду тапанча менен атып алган. Эми аталган тасманын тартуу иштери тергөө аяктагандан кийин гана улантылат. Бул тууралуу аталган фильмдин продюссерлеринин билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз бардыгыбыз ушул каргашалуу учурду баштан кечирип, кесиптешибиз жана сүйүктүү досубуз Галина Хатчинсти жоготконубузга ичибиз ачышып турат. Биз бир үй-бүлөбүз жана кыйын учурларда баарыбыз бирге болушубуз керек. Биз Галинанын үй-бүлөсү менен байланышыбызды үзбөйбүз", - деп продюсерлер терең кайгыруу менен Хатчинстин жакындарына көңүл айткан.

Аны менен катар алар тасманы тартуу иштери тергөө аяктагандан соң улантыларын билдиришкен.

"Биз бул кризисти баштан кечирип жатып, жок дегенде тергөө аяктаганга чейин тасма тартууну токтотуу чечимин кабыл алдык", - дешкен алар.

Эске салсак, буга чейин актёр Алек Болдуиндин кино тартуу учурунда кокусунан режиссёр менен операторду тапанча менен атып алганы боюнча маалыматтар жарыяланган. Кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы оператор Галина Хатчинс санитардык авиация менен ооруканага жөнөтүлгөн, бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: