super.kg logo

Орус рэпери Алишер Моргенштерн Жеңиш күнү тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим сурады

 

Рэпер Алишер Моргенштерн Жеңиш күнү тууралуу айткан сөзү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, анын сөздөрү контексттен бөлүнүп алынганын айтты. Мындай маалымат анын Инстаграм баракчасына жарыяланды.

"Менин Жеңиш күнү тууралуу айткан сөзүмө капа болгондордун баарынан кечирим сурайм. Мен бул майрамдын маанилүүлүгүн басынткан жокмун. "Жеңиш күнүн эч эле түшүнбөйм" деп айтканымды моюнума алам. Ал эми бул сөз контексттен бөлүнүп алынган", - деп жазган ал.

Ошондой эле рэпер эч кимди таарынтууну каалабагандыгын баса белгилеген жана анын айткан сөздөрү бурмаланып коомчулукка жарыяланганын билдирген.

"Мен ардагерлерди сыйлайм жана алар менен сыймыктанам. Менин оюмча, аларга кошумча акча бөлүнүшү керек. Ал эми бул тууралуу айтканым маектешүүгө киргизилген эмес.

Ачык эле айтайын, үлпөт той күнү катуу чарчадым, башым маң болду", - дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Моргенштерндин Жеңиш күнүн майрамдоонун кажети жок деген пикиринен улам Орусиянын согуш ардагерлери Тергөө комитетине жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.10.2021. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну көрсөм аллергия боло берем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: