super.kg logo

Ысык-Көлдө аялынын өлүмүнө шектелип жарандык никедеги жолдошу кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аялынын өлүмүнө шектелип жарандык никедеги жолдошу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Каракол ШИИБинин 102 кызматына телефон аркылуу кабар түшүп, анда батирдин ичинен аялдын жансыз денеси табылгандыгы айтылган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барганда уктоочу бөлмөдөн 42 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.Ч.нын жансыз денеси табылган.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө тактар байкалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, аялдын өлүмүнө шектелип анын жарандык никедеги жолдошу, Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну А.А. кармалган. Анын баш коргоо чарасын шаардык сот карап эки айга камакка алды.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: