super.kg logo

Айыл чарба министрлигинин азыркы жана мурдагы орун басарларын УКМК кармады

 

Айыл чарба министрлигинин жетекчи кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциянын туруктуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча туруктуу иштерди улантууда, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо бир нече жыл бою материалдык пайда алуу максатында жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган.

Ушул жылдын 26-октябрында айыл чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы орун басары М.И. жана министрдин мурдагы орун басары И.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн өндүрүп алуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу ишин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.10.2021. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы. Туштукто пахта остурулот билесиздер. Жылда баа 40, 44сомдон ашпачуу эле. А быйыл 100сомдун тегереги. Дыйкандардын канын ушуга окшогон кан соргучтар соруп келет озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: