Абдывахап Нурбаев Акылбек Жапаровго: "Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетишпесин. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү?"
Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү деп сурады.
"Акылбек Үсөнбекович (ред:. министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров), өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?", - деп сурады депутат.
Акылбек Жапаров: "Мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Анда жыл сайын сурамжылоо болуп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалимге анан архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз", - деди.
Акылбек Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз" деп айткан.
-1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Кийинки жылы мугалимдердин айлыгы которулушу мумкун. Бирок 10-20% гана которулот. Ал акча менен мугалимдер уй-булосун аран багат, машине, жаны уйду унутуп... Эрди-катын экоо тен мугалим болсо, экоонун айлыгы чогуу 25-30 мин сом болсо, бул акча кайда жетет бугунку кымбатчылык шартында? Россиядагыдай болуп мугалимдер 50-100 мин айлык-маяна алса анда кичине чындыкка жакындамак