Чүйдө Mercedes Benz бакты сүзүп 2 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди



Чүй облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-октябрь күнү саат 07:52 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1 аял жана 1 эркек киши каза болуп, дагы бир жаран жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
alimbek94

27.10.2021. 12:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашпай эле айдагыла.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.