Бишкекте аял кишини бычак менен коркутуп тоноп кеткенге шектелген жаран кармалды
Бишкекте криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тоноочулукка шектелген жаранды кармашты.
20-октябрь күнү Биринчи Май РИИБине арыз менен аял киши кайрылып, чаламандын чак түшүндө белгисиз жаран аны Түштүк-2 кичи райондогу үйлөрдүн подъездинен бычак такап коркутуп, акчасын алып андан ары из жашырганын жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 1975-жылы туулган С.А. аттуу мурда соттолгон жаран кармалган. Ал тергөө кызматына алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка дагы иштерге тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.