super.kg logo

"Игра в кальмара" сериалынын режиссёру Netflix кинокомпаниясына нааразы

 

Учурда бүткүл дүйнөдө популярдуу болуп жаткан түштүк кореялык "Игра в кальмара" сериалынын режиссёру Хван Дон Хёк сериалдын популярдуу болгондугуна байланыштуу Netflix кинокомпаниясы кошумча каражат төлөп бербегендигин айтып чыкты. Бул тууралуу ал "The Guardian" басылмасына берген интервьюсунда билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Мен бай деле эмесмин, бирок мага баары жетиштүү. Мен Netflix сервиси менен түзүлгөн келишимдеги сумманы гана алдым, сериалдын популярдуулукка жеткендигине байланыштуу кошумча акча төлөнгөн жок", - деген режиссёр.

Ал эми "The Guardian" басылмасы муну акыйкатсыздык деп атаган. Себеби бул сериал менен режиссёр Netflix кинокомпаниясына миллиондогон киреше алып келген.

Белгилей кетсек, "Bloomberg" агенттиги жарыялаган маалыматта Netflix сериалдан болжол менен 891 миллион 100 миң доллар киреше табууну көздөгөнү айтылган. Ал эми Netflix сериалды тартууга 21 миллион 400 миң доллар сарптаган.

Маалымат үчүн: "Игра в кальмара" 9 бөлүмдөн турган сериал, анда карызга баткан карапайым адамдардын чоң суммадагы акча коюлуп байлар тарабынан уюштурулган оюнга катышканы, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: