super.kg logo

"Акыркы көч" тасмасы Мексикада өтө турган кинофестивалга катышат

 

Кыргыз режиссёрлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” тасмасы "Festival International de Cine de León" эл аралык кинофестивалынын толук метраждуу кино сынагына катышат. Мындай маалымат "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 3-ноябрдан 7-ноябрга чейин Мексикада орун алат.

"Биз Мексика кинофестивалына биринчи жолу катышып жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Уюштуруучуларга жана тандоо комиссиясына биздин тасманы тандап алгандарына ыраазычылык билдиребиз. Жаш жана дымактуу кинофестивалда өлкөнүн атынан чыгуу биз үчүн чоң сыймык", - дейт фильмдин режиссёру Дастан Жапар уулу.

Белгилей кетсек, “Акыркы көч” тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган жана Португалияда эки наам боюнча жеңүүчү болгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: