Германиянын канцлери Ангела Меркель кызматын тапшырды
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер канцлер Ангела Меркелге кызматтан кетүү күбөлүгүн тапшырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кызмат тапшыруу салтанаты кечээ, 26-октябрда Бельвю сарайында өтүп, Ангела Меркель кызматын тапшырган. Эми ал өлкөдө жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин мурдагы милдетин убактылуу аткарып турмай болду.
Ал эми жаңы канцлер Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц болору күтүлүүдө. Анын партиясы 26-сентябрдагы шайлоодо 25,7 пайыз добуш менен жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, Ангела Меркель Германиянын канцлери кызматына 2005-жылы келген. Ал бир канча убакыт мурда канцлер болуп шайланып келбей турганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Tursunbaev1978

27.10.2021. 21:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка өнүккөн өлкөлөрдө убакты бүткөндө,өз абийри менен эле бошотуп беришет,бизде,анан постсоветтик өлкөлөрдө,Россия баш болуп,креслого куулгуча жабышып алышат,менталитет ошондойбу?же бийлик азгырабы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.