Кыргыз бодибилдерлери Казакстандагы мелдеште 8 медалга ээ болушту (сүрөт)



Казакстандын Тараз шаарында бодибилдинг жана фитнес боюнча 34-ачык чемпионат өтүп, кыргыз бодибилдерлери сегиз медалга ээ болушту. Мындай маалымат Бодибилдинг жана фитнес федерациясынын Инстаграм баракчасына жарыяланды.
Бодибилдинг боюнча чемпиондордун тизмеси:
- Александр Васильченко - "мэнс физик" категориясында күмүш медалдын ээси;
- Светлана Кошелева - "фитнес бикини" категориясында бою 163 сантиметрден жогоркулар арасында алтын медалдын, ошондой эле аталган категорияда (бою 172 сантиметрден жогору) күмүш медалдын ээси;
- Артём Друзин - "классикалык бодибилдинг" категориясында күмүш медалдын ээси;
- Станислав Болтовский - 85 килограмм салмакка чейинкилер арасында алтын медалдын ээси;
- Арина Макушенко - "акробатика" жана "фитнес бикини" категорияларында (бою 163 сантиметрге чейин) коло медалдын ээси;
- Анастасия Любоконскис - "фитнес бикини" категориясында (бою 163 сантиметрден жогору) коло медалдын ээси;
- Искак Субанкул уулу - Биринчи кубокто "мэнс физик" категориясында (бою 178 сантиметрге чейин) коло жана чоңдор арасындагы "мэнс физик" категориясында (бою 178 сантиметрге чейин) алтын медалдын ээси.
Ал эми дипломго ээ болгондор:
- Алина Савиных - "фитнес бикини" категориясында (бою 164 сантиметрге чейин);
- Антон Белёв - "мэнс физик" категориясында (бою 182 сантиметрден жогору);
- Иоланта Когтева - "фитнес бикини" категориясында (бою 172 сантиметрден жогору).

АЛГА КЫРГЫЗСТАНЫМ!!!
Бул жерде дин да, Салт да эмес СПОРТтогу Жениш боюнча Соз болуп жатат.
Кыргызстан учун Сен кандай жетиштикке ЭЭ болдун эле КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕЛЕГИН которуп, Данкын жайылтып айта аласынбы??
Сен учун да Кубанып коеюн))