super.kg logo

Жубайын чыгармачылыкка тарткан ырчылар же турмуш кургандан кийин жолдошу менен сахнага чыккан шоу-бизнестин келиндери

 

Шоу-бизнес, маданият, искусство тармагында бир үй-бүлө мүчөлөрүн кезиктирип келебиз. Алтургай айрым ырчы түгөйлөрдү жакшылыгыбызга чакырып, мааракебизди өткөрүп жүрөбүз. Кош жылдыздардын айрымдарын чыгармачылык табыштырган болсо, айрымдары турмуш кургандан кийин түгөйүн жандап сахнага кадам таштаган. Бул ирет жубайынын жылдызын жандырган же чыгармачылыктын түйшүгүн өзү менен кошо "тарттырган" ырчыларды тизмектедик.

Кубаныч Сатаев, Кундуз Авашова

Кыргыз эл артисти, комузчу Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова келбети жагынан гана эмес, жүрүм-туруму менен да апасын тарткан. Бир канча жыл бою ди-джей болуп иштеген Кундуз Авашова ырчылык өнөрдөн алыс эмес. Ал жолдошу Кубаныч Сатаев менен дуэт аткарып, сахнага чыгып жүрөт. Алардын "Бир эргүү", "Эӊсөө", "Кызганыч", "Сүйүүм ай" дуэттери бар.


Самат Муратбеков, Жылдыз Садыр кызы

"Жебе" тобунун мурунку солисти, ырчы Самат Муратбековдун жубайы Жылдыз Садыр кызы чыгармачылыкка быйыл аттанды. Самат мырза жубайынын шоу-бизнеске болгон кадамы жар-жар айтуудан башталганын айтат.

Жылдыз Садыр кызы музыкалык окуу жайды аяктап, кийин Кеминдеги мектепте хореограф болуп иштеп, балалуу болгондон кийин үйдө отуруп калган. Учурда түгөйлөр тойлорго чогуу барышып, кызмат кылышат.


Бек Исраилов, Айжаркын Карыбаева

Ырчы, бир катар музыкалык фестивалдардын катышуучусу Бек Исраилов жубайынын талантын баалап, сахнага чыгуусуна колдоо көрсөткөндөрдүн бири. Ырчынын жубайы Айжаркын Карыбаева жолдошу менен кавер аткарып келген болсо, эми атайын дуэт жаздырып, жакшылыктарда чогуу ырдап баштады. Ал эми Бек Исраилов: "Өзүм ырдап чыксын деп аракет кылып жүрөм, капа болбойм. Акырындап ошого даярданып жатабыз. Жалгыз эле өзү “супер жылдыз” болуп кетишин каалабайм. Мисалы, Анжелика Варум, Леонид Агутин сымал ырдасак деп ойлоп жүрөм", - деп айтканы бар.


Нурлан Алдаяров, Айзада Муканбетова

Бир кезде "Гүлсара" деп обон созгон ырчы Нурлан Алдаяровдун жубайы Айзада Муканбетова акыркы жылдары ырчылыкка билек түрө киришти. Учурда ал тойлордо жар-жар салат. Андан тышкары түгөйлөр дуэттерди жаздырып, клип дагы тартышты. Белгилей кетсек, Нурлан мырзанын келинчеги төрөгөндөн кийин чыгармачылыкка аралаша баштаган.


Илгиз Абдалиев, Назима

Жубайынын катылган талантын ачкан ырчы мырзалардын бири Илгиз Абдалиев. Ырчынын жубайы Назима бир жыл мурда тойлордо жар-жар айта баштаган. Кийинчерээк түгөйлөр дуэт жаздырып, чыгармачылыкка олуттуу киришти. Жылдыздуу түгөйлөр той-топурларда, жакшылык кечелерде чыгармаларын тартуулап келишет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
17.11.2021. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тааныбаган ырчылар и аялдарын алып чыкса да копчулук тааныбайт
17.11.2021. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dembele84,эшеке килем жапсан деле эшекде
18.11.2021. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isken90,эмне болду анчалык ырчыларды эшек деп? Кыргыздпр биз бири бирибизди сыйлабасак бизди ким сыйлайт эле?
17.11.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бут эле тойчулар го
17.11.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дещевки
18.11.2021. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nina.alex,өзүңчү?
17.11.2021. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубанычтан башкасын тааныбайт экемин
17.11.2021. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кечирип коесунар, бирөөн дагы тааныбайт экенмин :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: