ЭЛДИК ВИДЕО: "Аттиң, Бишкекте маршруттук таксилер чоюлчаак болуп калсачы"
Бүгүн, 28-октябрь күнү Бишкек шаарындагы №150 кичи автобуска эл жык-жыйма толуп, эшигин жабуу үчүн адамдарды артынан түртүп жаткан видео тарады. Бул тууралуу видео "Сейчас.кж" телеграм каналына жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, кичи автобуска ченемден ашкан адамдардын тобу кирип, эшиги жабылбай калган. Эшикти жабуу үчүн белгисиз жаран, балким, айдоочу адамдарды түртүп, эшигин бир нече жолу аракет кылган соң жаба алган. Ооба, мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок, маршруттук таксилерге, автобустарга жүргүнчүлөр аргасыздан батып алуу аракеттерин көрөөрү да түшүнүктүү. Пандемия шартында жана жол кыймылынын коопсуздугу үчүн мындай абалды болтурбоо көпчүлүктүн тилеги.
Жаңы окуу жылы башталгандан бери борбордо коомдук транспорттор жетишсиз болуп жатканы жүргүнчүлөр тарабынан айтылып келет.
Маршруттук таксиге эл батпай, эшиги күч менен жабылды




1 |