Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова айылда чөп тартып жүргөндөгү сүрөтүн бөлүштү




Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Дүйнөнүн учурдагы чемпиону, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова өзү туулуп өскөн Талас облусуна барып, айылда чөп жүктөп жүрөт.
Балбан кыз чөптө жүргөн сүрөтүн Инстаграм баракчасындагы "Stories" бөлүмүнө жүктөдү. Сүрөттө Мээрим Жуманазарова колуна айры кармап жүргөнүн көрүүгө болот.
Мээрим Жуманазарова октябрь айында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында япониялык Рин Мияджи менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.
Муну менен кыргыз балбан кызы дүйнөлүк рейтингде өз салмак категориясында экинчи орунга көтөрүлгөн.
кошулду
Мээрим Жуманазарова айылда чөп тартып жүрөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5

Олимпиаданын кумуш байгесинин ээси деп жазышкан экен суперчилер, ошого коло деп жазганым болчу.