super.kg logo

"Бир адамды сактай албагандан кийин эмне керегиңер бар?". Блогер Ринат Усупбаев 8-кабаттан боюн таштаган жигит боюнча министр Бообек Ажикеевге кайрылды

 

Кечээ, 27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болгон.

Интернет колдонуучулар 4 сааттан ашык сүйлөшүүдө ӨКМ кызматкерлери эч кандай даярдык көрбөгөнүн жазышууда. Ошол эле учурда блогер Ринат Усупбаев өзгөчө кырдаалдар министи Бообек Ажикеевге социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

"Төрт саат сүйлөшүү болуптур. Төрт сааттын ичинде жерге батут салынган эмес. Куткаруучу тегерекчелер жок. Эч кандай даярдык жок. Сүйлөшүүлөр өтө төмөн деңгээлде жүргүзүлгөн. Себеби бул биздин алсыздыгыбыздын белгиси. Былтыр, 2020-жылы 28-февралда ушундай эле окуя болгон. Ошол окуя сиздерге сабак болгон жокпу? Мунун баарына ким жооп берет? Өзүңүз келип, көзөмөлгө алышыңыз керек болчу. Бизге уруксат берсеңер, 4 саатта Балыкчы, Чолпон-Атадан батут алып келгенге жетишмекпиз. Секирген жагы бир эле күн батыш тарапта болгон. Үч жагынын баары курчалган. Бир жагына бир нерсе төшөп койсоңуздар, баланы сактап калмаксыздар. Ушундай кырдаалда бир жаранды сактай албасак, ӨКМнын эмне кереги бар? Буга ким жооп берет?", - деди кайрылуусунда Ринат Усупбаев.






Ринат Усупбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бообек Ажикеевге кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
28.10.2021. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзү секирип өлсөда өкмөт жооп береби не?
28.10.2021. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ринат суйлойт десе суйлой бересинби? Же эмне МЧС куноолубу? Олсо озу олду,
28.10.2021. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олгон озунун шору, чон эле акыл эси калыптанган бала бул, атайын озу секириптир,жашы жете элек оспурум болсо анда башка кеп
28.10.2021. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогоруда өкмөт жооп береби, ӨКМ күнөөлүбү деп жазгандар албетте жооп берет алар куткаруучу милдети ошондой.
28.10.2021. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш буткондон кийин антет элек минтет элек дебей,бок жеп аттынарбы алып келбей батутту? Же созсуз МЧС уруксат бериш керекпи Колдон батут алып келе бергиле деп..колунардан бок келбейт ,тилинер менен жер шыпырасынар
28.10.2021. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тообо кылыш керек мумкун шайтан азгыргандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: