super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев: "Өлкөдө мүлктөргө болгон салыктын көлөмү жогорулашы мүмкүн"

 

Өлкөдө автоунаага жана турак жайга болгон салыктын көлөмү жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Кечээ Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, 2021-жылдын республикалык бюджети тууралуу мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле 2022-жылдын бюджети дагы каралды. Белгиленген пландар аткарылган жок. Алар сөз менен 2022-жылдын апрелине чейин мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрөбүз деп убада беришти. Бул чыгымдар бюджеттин өзүндө жок, министрлер кабинети аларды бекитпейт. Кирешени 90 миллиард сомго көбөйтүү тууралуу айтылды. Мындай каражат кайдан табылат? Бул үчүн мүлктөрдүн салыгы жогорулайт. Автоунааларга жана турак жайларга болгон салыктын көлөмү көбөйтүлөт. Мындай киреше капыстан түшпөйт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: