super.kg logo

Бишкекте жаранды Кумтөргө жумушка орноштурганга жардам берем деп акчасын алып, из жашырганга шектелген аял кармалды

 

Бишкектин Свердлов РИИБинде кызматкерлер алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Б. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш аял аны алдоо жолу менен Кумтөр компаниясына жумушка орноштурганга жардам берем деп алдап, 60 миң сом акчасын алып, андан ары из жашырып кеткени жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринде бул ишке шектүү катары 31 жаштагы О.Ж. аттуу аял кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн үстүнөн бир канча арыз келип түшкөн. Милиция кызматкерлери кимде ким сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге чалууну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 702 44-26-42, 0 508 00-77-74 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: