super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны “жумушуна жетишпей жатат” деп иштен бошотуу уят”

 

“СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны иштен бошотуу, аны парламенттин комитетинде талкуулап отурушубуз акылга сыйбаган, уят иш”,- деди вице-спикер Бөдөш Мамырова ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында. Депутат аталган артистти иштен бошоткон Опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатовго катуу сындарды айтты.  

 

“Бул кишини "башка жакта иштейт, ишине жетишпей жатат" деп кызматтан бошотуу өтө жаман көрүнүш. Мындай адамдарды иштетип, пайдаланып калышыбыз керек. Жаштарга мындай кишилердин тарбиясы аба менен суудай керек болуп турат. Каяктагы бир болбогон нерселерди айтып жатасыз. Кайыргүл эжени гастролго жөнөтүп көрсөңүз, сиздин Опера жана балет театрыңызга киреше таап келет. Эл күтүп жатат мындай таланттарды. Сый көрсөткөндүн ордуна эжени комитет жыйынына чакырып алып, маселесин талкуулап отуруудан мен кечирим сурагым келип жатат”,- деди депутат. 

 

Ал эми комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев “Кайыргүл эже мейли, 10 жерде иштесин, андан асманыбыз түшүп кетпейт. Керек болсо бул эжени үйүнөн машина менен алып келип спектаклге катыштырып, кайра машина менен үйүнө жеткирип коюшуңар керек. Бул эжени пайдаланып калышыбыз керек. Америкада 70 жаштагы бир профессорду ишке орноштуруп 20 жыл иштетишкен. Ал киши 90 жашында сабакта доскага жөлөнүп, борду кармап турган жеринен көз жумган”,- деди. 

 

Айта кетсек, жыйында Кайыргүл Сартбаеванын аталган театрдан бошотулушу боюнча маселе каралды. Жыйынтыгында бул ишти териштирип чыгуу, иштен мыйзамсыз бошотулса, театрдын жетекчилигине чара көрүү чечими кабыл алынды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: